Нарын шаары кышка даяр. Кандай жумуштар жасалды?

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуНарын шаарынын мэриясы. Архив
Нарын шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана Нарын жергеси боюнча 98 көп кабаттуу үйдү, 50гө жакын менчик үйдү, 23 мамлекеттик мекемени, 6 бала бакчаны, 8 орто мектепти жана 2064 абонентти жылуулук менен камсыз кылат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына караштуу "Нарын жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин" филиалында 2019-2020-жылдагы кыш мезгилине даярданып жатат. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган ишканада 31 откана бар, анын 25и электр энергиясы, алтысы көмүр менен иштейт. Бардыгы 98 көп кабаттуу үйдү, 48 менчик турак жайды, 23 мамлекеттик мекемени, 6 бала бакчаны, 8 орто мектепти жана 2064 абонентти жылуулук менен камсыз кылат.

Филиалдын башкы инженери Мирлан Аманбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө отканаларды жана жылуулук түтүктөрүн оңдоп-түзөө жумуштары аткарылып бүттү.

"Көп кабаттуу үйлөргө запастык суу сактай турган суу топтоочу бактарды орнотуу иштери жүргүзүлдү. Көп кабаттуу үйдүн батирлеринде ички жылуулук системасы кайрадан жаңыртылып, үч подьезддин жашоочулары жылуулукка кошулуу алдында турат. Борбордук отканаларда түтүн тосуучу насостор тазаланды, эки отказан ремонттолуп резервде даяр турат. Буюрса, кышында шаарыбыздын калкын үзгүлтүккө учуратпай жылуулук менен камсыз кылабыз", — деди башкы инженер.

Кышкы от жагуу мезгилине карата 3500 тонна көмүр отунун даярдоо үчүн тендер өткөрүлүп, анын 843,5 тонна көмүр отуну бүгүнкү күндө ташылып келингендиги кошумчаланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0