Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / JORGE GUERREROКүндөн калкаланып жаткан кыз. Архив
Күндөн калкаланып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең, 21-сентябрда, республика боюнча күн ачык болуп, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ишемби күнү, 21-сентябрда, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +29… +34, Таласта +28…+33, Нарын аймагында +21…+26, Ысык-Көлдө +18…+23, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35 градуска чейин ысыйт.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт, күндүн табы борбор калаада +31…+33 , Ошто +32…+34 градуска көтөрүлөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0