Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровПроблема автомобильного затора в Бишкеке
Проблема автомобильного затора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМге караштуу Кыргызгидрометеорология агенттиги эртеңки күнгө карата божомолун таратты. Жума күнү шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 20-сентябрь, жума күнү, жаан-чачын күтүлбөйт, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Ысык-Көлдө +16…+21, Нарында +19…+24, Чүй менен Талас жергесинде +27…+32, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +28…+33 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы +30…+32 градуска чейин көтөрүлөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0