Шейшемби күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек шаарына асмандан көрүнүш. Архив
Бишкек шаарына асмандан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-сентябрда түнкүсүн тоо этектеринде мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. 17-сентябрь, шейшемби күнү, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +21… +26, Талас аймагында +18…+23, Нарында +12…+17, Ысык-Көлдө облусунда +13…+18, ал эми Ош , Жалал-Абад, Баткенде +23…+28 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы борбор калаада +24…+26 градуска жетип, Ошто +25…+27 градуска чейин жылыйт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0