Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Дүйшөмбү күнү республикада эң жогорку температура Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында болору кабарланды.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 16-сентябрда түнкүсүн айрым өрөөндөрдө мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Анткен менен республиканын кээ бир райондорунда жаан-чачындын катуу болору да айтылды.

Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир аймактарына жамгыр, тоолуу райондоруна кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +19... +24, Талас аймагында +17... +22, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +21... +26, Нарын жергесинде +14 ... +19, Ысык-Көлдө +13 ... +18 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Борбор калаада термометр +22... +24 градусту,  Ошто +24 ... +26 градусту көрсөтөрү айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0