Жума күнгө карата аба ырайы

Жазылуу
13-сентябрда республикада жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. 13-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Кыргызстандагы эң сырдуу көл – видеоинфографика - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң сырдуу көл. Окумуштууларды таңыркаткан жердин видеосу
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +21… +26, Талас аймагында +23…+25, Нарында +18…+20, Ысык-Көлдө +17…+22, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы борбор калаада +23…+25 градуска жетип, Ошто +26…+28 градуска көтөрүлөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0