Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровСтроительство многоэтажек в Бишкеке
Строительство многоэтажек в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-сентябрда күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. 11-сентябрь, шаршембиде, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Нарында +14…+19, Ысык-Көл жана Талас жергесинде +15…+20, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы борбор калаада +19…+21 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +22…+24 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0