Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Экинчи күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. 10-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Таласта +12…+17, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +16…+21 градуска чамалап барат.

Ысык-Көлдө +12…+17 жана Нарын аймагында +11…+16 градус болот.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы Ошто +18…+20, Бишкекте +16…+18 градуска жетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0