Жаан жаайт. Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка к празднованию Нооруза
Подготовка к празднованию Нооруза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу аймактарга кар түшөт.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызгидрометтин божомолу боюнча, 8-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан-чачын болбойт.

9-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ал эми күндүз жана 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

11-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Ал эми 13-14-сентябрда тоолуу райондордо бир аз жаан-чачын болуп, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0