Депутат: Сауд өнүктүрүү банкы мектеп курууга бөлгөн 30 млн. доллар кайда?

Жазылуу
Эл өкүлү бул каражат 2016-жылы эле парламент тарабынан ратификацияланганын айтып, бүгүнкү күнгө чейин сарпталбай жатканына нааразы болду.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Сауд өнүктүрүү банкы тарабынан 2016-жылы мектеп куруу үчүн каралган 30 миллион долларга эмне үчүн мектептер салынбай жатканына кызыкты.

Бүгүн, 5-сентябрда, Жогорку Кеңеш жалпы жыйынга чогулуп, депутаттар ар кандай маселелерди карап жатышат.

Зулпукаров аталган каражат азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда макулдашуудан өткөнүн эске салды.

"Ошол акча турат, эмне үчүн үч жылдан бери мектептер курулбайт? Тендерди өттү деп угабыз, бирок курулуш эмнеге башталбайт? Буга ким күнөөлүү? Мамлекеттик курулуш агенттигинен сурасак, Билим берүү жана илим министрлигине шылтайт, алар Курулуш агенттигине түртө салат. Мындай болбойт да, 30 миллион доллар турат, башкача айтканда, 21 миллиард сом. Бул мөөнөттө 1-сентябрга чейин 27 мектептин баары курулуп бүтүшү керек эле да. Ким күнөөлүү, кандай чара колдонобуз", — деп депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылды.

Эл өкүлү, андан сырткары, колдо турган акча эмне үчүн өз максатында колдонулбай жатканын премьер Мухаммедкалый Абылгазиев өзү көзөмөлгө алышы керектигин белгиледи.

"Акчаны колубузга берип, Жогорку Кеңеш ратификация кылып койгон. Эмне үчүн токтоп турат? Тендер өткөндөн кийин 30дан ашык мектеп курулушу керек болчу да. 1-сентябрдан тарта балдар окуп калышы керек эле. Ушуну иликтеп койсоңуздар. Премьер өзү чарасын көрсүн. Курулушу бул күнү башталат деп айтып койсоңуздар", — деди ал.

Назначение нового директора школы №6 в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт
Зулпукаров, андан сырткары, Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектеп социалдык тармакта катуу талкууга алынганын эске салып, өкмөт коомдук пикир менен эсептешип турушу керектигин айтты. Айрым жарандар ашар жолу менен мектепти бүтүрүү демилгесин көтөрүп жатканын, ага өкмөттүн аракети кандай болоруна так билдирүүсү керектигин кошумчалады.

Депутат Алтынбек Жунус уулу да Кеңеш айылындагы контейнер мектеп көйгөйдү убактылуу чечүү жолу гана экенин айтты. Эски мектеп урап бирөөнү басып калгандан көрө бул чечим жакшы экенин, бирок Нарынга кыш эрте түшөрүн эске алып, ошого да көңүл буруу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, Нарын районундагы Кеңеш айылында контейнерден салынган мектеп социалдык тармакта бир катар нааразычылыктарды жаратты. Түзүлгөн кырдаал боюнча облус бийлиги да түшүндүрмө берүүгө аргасыз болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0