Кыргызстанда фермерлер айрым товарлардын салыгынан бошотулат. Жол-жобосу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКүн карама. Архив
Күн карама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеде айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө колдонулчу товардын 17 түрү бар.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстандагы фермерлерди айыл чарбасына, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайында колдонулчу товарларды импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу пландалып жатат.

Полпред правительства в Иссык-Кульской области Узарбек Жылкыбаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жылкыбаев: "Саясатчы эмес, саякатчы бол" деген ураан менен иштеп жатабыз
Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги сунуштап жатат. Мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга чыгарылды. http://www.gov.kg/?p=137273&lang=kg

Өкмөт дыйкан чарбаларды айыл чарба кооперативдерине биригүүгө шыктандырып жатат. Бул өз кезегинде майда товарларды өндүрүүнү жолго коймокчу.

Мыйзам долбооруна ылайык, кошумча нарк салыгы асыл тукум мал менен бир катар товарларга алынбайт. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:

  • Балык азыктары;
  • Минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктү коргоочу химиялык заттар;
  • Органикалык эмес химия продуктулары;
  • Жер семирткичте, өсүмдүктөрдүн карантининде, аларды коргоодо колдонула турчу органикалык химиялык бирикмелер;
  • Үрөндөр, көчөттөр;
  • Өсүмдүк азыктары;
  • Багбанчылыкта колдонула турчу желим буюмдар;
  • Күнөскана курууда колдонулчу товарлар (агрошпалер, тамчылатып сугаруу системасы);
  • Мал-жандык жана балык үчүн тоют.

Кошумча нарк салыгы алынбай турган товарлардын толук тизмесин мыйзамдын долбоорунан окусаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0