Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Таджикистан
Страны мира. Таджикистан  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшембиде бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 3-сентябрда тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Таласта +20…+25, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +24…+29 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +19…+24 жана Нарын аймагында +23…+28 градус болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Ошто +26…+28, борбор калаада +24…+26 градуска жетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0