Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Дмитрий Паршин / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-сентябрда республика боюнча туруксуз аба ырайы күтүлөт.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 2-сентябрь, дүйшөмбү күнү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, кээ бир аймактарда жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас, Ысык-Көл аймактарында +18...+23, Нарын жергесинде +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада күндүн табы +23...+25, Ошто +26...+28 градуска жетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0