Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
1-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Жекшембиде күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас өрөөнүндө +19…+24 градус болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында күндүн табы +24…+29 градуска чыгат.  Ысык-Көлдө +20...+25 жана Нарын аймагында термометр +21…+26ны көрсөтмөкчү.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы борбор калаада +23...+25, Ошто +26…+28 градуска жетери айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0