Өлкөдө 638 киши КР жарандыгынан баш тартты

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын жаранынын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык алгандардын көбү — тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков КР жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгаруу боюнча Жарлыктарга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 1373 адам кабыл алынган. Анын ичинен 1178и чоң киши болсо, 195и — балдар. Жарандык алгандардын көбү  тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экени айтылат.

Ал эми 638 адам КР жарандыгынан чыгарылган. Анын 532си чоң киши болсо, 106сы — балдар экени маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0