Кар жаап, суук болот! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 2-3-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот.

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү - Sputnik Кыргызстан
Үйлөрдү суу каптап... Ысык-Көлдө таңга маал сел жүрдү. Сүрөт, видео
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Билдирмеге ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда 2-сентябрда түнкүсүн +11…+16, күндүз +19…+ 24, 3-сентябрда тоо этектеринде түнкүсүн +5…+10, күндүз + 13…+ 18 градуска жетет.

Таласта түнкүсүн +7…+12, күндүз + 17…+ 22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28, тоо этектеринде түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24 градус болот.

Ысык-Көлдө жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз 15…+20, тоолуу райондордо түнкүсүн + 1… +6, күндүз + 9…+14 градус жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз + 3…+8 жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0