Кыргызстанда 1-сентябрга чейин 660 мектеп интернетке туташат

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүМектеп окуучлураы. Архив
Мектеп окуучлураы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул демилге өлкө мектептерин санариптештирүү долбоору аркылуу ишке ашырылууда.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 1-сентябрга чейин "Келечек мектеп" программасынын алкагында 660 мектеп интернетке туташат. Бул тууралуу Ысык-Көлдө өткөн мугалимдердин август кеңешмесинде билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Конференция Современные векторы образования Кыргызстана в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев октябрда мугалимдердин айлыгы көбөйөт деп убадалады
Бул демилге өлкө мектептерин санариптештирүү долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Анын алкагында өкмөттөн интернет үчүн ай сайын мектептерге 2000 сомдон бөлүнөт.

Долбоор ишке киргенге чейин ата-энелердин жана жергиликтүү бийликтин көмөгү менен 671 мектеп интернетке кошулган. Ал эми 2016-2017-жылдары өкмөттүн бюджетинин эсебинен 775 мектеп интернет менен камcыздалганы айтылат.

"Былтыркы окуу жылында "Кыргызтелеком" ишканасы аркылуу 613 мектеп интернетке кошулду. 1-сентябрга чейин дагы 47 мектепке туташтырылат. Учурда өлкө боюнча 31 мектепке интернетти спутник аркылуу жеткирүү пландалууда. Себеби ал мекемелер шарты катаал аймактарда жайгашкан. "Келечек мектеп" долбоорун толук түрдө ишке ашыруу үчүн мектептерди компьютер менен камсыздоо зарыл. Эгер бир компьютерди 13 окуучуга эсептеп ала турган болсок, 30 миң компьютер алышыбыз шарт. Ал үчүн 700 миллион сом керектелет", — деди Кудайбердиева.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы тапта 111 мектеп курулуп жатканын, анын ичинен 72си жаңы окуу жылында пайдаланууга берилерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0