Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Жекшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. 25-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +27 +32, Талас аймагында +23 +28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29 +34 градус ысык болот. Нарын аймагында +21 +26, Ысык-Көл өрөөнүндө +18 +23 градуска көтөрүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында күндүн табы +30 +32 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0