Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Ишембиде кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. 17-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын жергесинде +16...+21 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы Ошто +26...+28, Бишкекте +25...+27 градуска жетет.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы +16...+18 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0