Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Мария Плотникова / Медиабанкка өтүүЗолотая осень в Плёсе
Золотая осень в Плёсе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. 16-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, Чүйдө +22…+27, Талас облусунда +20…+25 градус жылуу болору айтылды. Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +23…+28 градусту көрсөтөт. Нарын аймагында +17…+22 жана Ысык-Көлдө +16…+21 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы Ошто +26...+28, Бишкекте +25...+27 градуска жетет.

Ал эми Чолпон-Атада +17...+19 градус болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0