Жаан жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовДожди в Бишкеке
Дожди в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүз кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 12-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-августта күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-августта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

14-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Өрөөндөрүндө күн ачык болот.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жайдын акыркы айы кандай болот? Августка карата аба ырайы
14-августта күндүз жана 15-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап турат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 15-августта күндүз бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге дейре согушу ыктымал.

16-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

17-августта кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0