Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Курман айт күнү өлкө боюнча күн ачык болору айтылды.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Жекшемби, 11-августта, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас өрөөнүндө +29…+34 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда +32…+37, Ысык-Көлдө +26...+31 жана Нарын аймагында +27…+32 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы Бишкекте+34...+36, Ошто +35…+37 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0