Жаан да, кар да жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© AFP / Francisco SecoДождь в Мадриде
Дождь в Мадриде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы июль тарыхтагы эң ысык ай болуп калды.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Узакка созулган кургак жана ысык аба ырайынан кийин Кыргызстанда күн кескин сууктай турганын айтып, Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты.

14-15-августтарда жана 16-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымалдыгы айтылды.

"15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Ал эми 9-10-августтарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0