Ысык-Көлгө барасызбы? Жума аягына чейинки аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет 12-августка чейин Ысык-Көлдө аба ырайы кандай боло турганын божомолдоду.

8-августта жана 9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-августта күндүз жана 10-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-августта күндүз жана 9-10-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-12-августтарда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0