Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровОрто-Токойское водохранилище в Кочкорском районе
Орто-Токойское водохранилище в Кочкорском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-августтан 8-августка чейин Кыргызстанда күн катуу ысый турганы айтылды.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. 7-августта өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдө +35…+40, Талас облусунда +32…+37 градус ысык болот. Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +35…+40 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көлдө +26…+31 жана Нарын облусунда +28…+33 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +37…+39 градуска жетет.

Чолпон-Атада шаарында +25…+27 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0