Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. 5-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +33…+38, Таласта +31…+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймагында +27…+32 градус ысык болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +36…+38 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0