Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Греция
Страны мира. Греция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембиде күндүз ысык болот.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. 3-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +33...+38, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39 градус ысык болот.

Нарында +27...+32 жана Ысык-Көл жергесинде термометр +26...+31 градусту көрсөтөт.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +36...+38 градуска жетет.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүн табы +26...+28 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0