Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-август — Sputnik. 2-август, жума күнү, Ысык-Көл, Нарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +33…+38 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө +24…+29, Нарын жергесинде +26…+31 градус болсо, Таласта күндүн табы +32…+37 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада абанын температурасы +36…+38, Ошто +35…+37 жана Чолпон-Ата шаарында +24…+26 градуска жетери айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0