Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПалящее солнце или как спасаются бишкекчане от жары
Палящее солнце или как спасаются бишкекчане от жары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек жана Ош шаарларында термометр +39 градусту көрсөтөт.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. 29-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты.

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болот? 1-августка чейинки божомол
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына  4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык,  абанын температурасы Чүйдө +34…+39, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында  +35…+40 градус ысык болот.

Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +27…+32 градус болсо, Таласта күндүн табы +32…+37 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында абанын температурасы +37…+39, Чолпон-Ата шаарында +27…+29 градуска жетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0