Жумага карата аба ырайы

© AFP / DAMIEN MEYERГрадусник. Архив
Градусник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 27-29-июль күндөрү жана 1-3-августтарда +39 градуска чейин жогорулайт.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. 26-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, Чүйдө +32…+37, Талас облусунда +30…+35 градус ысык болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +33…+38 градусту көрсөтөт. Нарын аймагында +23…+28, Ысык-Көлдө +24…+29 градус болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +36...+38, Бишкекте +34...+36 градуска жетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0