Бажы тармагында төрт жыл ичинде өзгөрө турган багыттар аныкталды. Тизме

Жазылуу
Документ бажы процесстерин автоматташтыруу, бажы операцияларын тездетүүнү шарттайт.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстанда 2019-2023-жылдарга карата бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекиди. Тийиштүү чечимге премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Документ бажы процесстерин автоматташтырууну (санариптөө), бажы операцияларын тездетүүнү шарттайт. Аны менен катар коррупциялык ыктымалдуулукту төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Ага ылайык, аталган жылдары төмөнкү иштер аткарылат.

— бажы процесстерин максималдуу автоматташтыруу жана кагазсыз декларациялоого өтүү;

— экономикалык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган тышкы экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоонун негизинде бажылык администрациялоонун натыйжалуу системасын өнүктүрүү;

— улуттук экономикалык коопсуздукту жана өлкөнүн кызыкчылыктарын камсыздаган негизги багыттарда мамлекеттин толук катышуу кепилдиги менен бажы инфраструктурасын өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн кыйла натыйжалуу формаларын ишке ашыруу;

— бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузууларга жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча таасирдүү чараларды уюштуруу жана ишке ашыруу.

Бул аракеттердин бардыгы бажы операцияларынын ачыктыгы үчүн туруктуу жана таасирдүү иш жүргүзүүгө багытталган.

Жазуучунун накыл кептери "Мезгил сабактары" китебинен алынды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0