Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. 25-июлда Ысык-Көл, Нарын жергесинде жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +31…+36, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +32…+37 градус ысык болот.

Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +22…+27 градус болсо, Таласта күндүн табы +29…+34кө чейин көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы борбор калаада +34…+36, Ошто +35…+37 градуска жетет.

Чолпон-Атада кыска убакытка жамгыр жаап, күндүн табы +22 +24 градусту көрсөтүп турат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0