Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Эртең, 24-июлда, Кыргызстан боюнча эң ысык аба ырайы +38 градуска жетери айтылды.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 24-июлда күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.  Ал эми калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамадын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31 +36, Таласта +29 +34 градус болот. Термометр Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +33 +38ди, ал эми Нарын жана Ысык-Көлдө +25 +30 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Ош калаасында +35 +37 градуска жетсе, Бишкекте + 34 +36 градус болот. Ал эми Чолпон-Атада кыска убакытка жамгыр жаап, абанын температурасы +25 +27 градусту көрсөтүп турат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0