Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев"Ала-Арча" капчыгайы. Архив
Ала-Арча капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүдө Ош жана Бишкек шаарларында абанын температурасы +36…+38 градуска жетет.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. 22-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +33…+38, Таласта +31…+36 градус болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында термометр  +33…+38 градусту көрсөтөт.  Ал эми Ысык-Көлдө +23…+28 жана Нарын аймагында +25…+30 градус болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек калааларында күн ачык болуп, абанын температурасы +36…+38 градуска жетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0