Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшембиде өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. 18-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +33…+38, Таласта +32…+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +33…+38 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө +25…+30, Нарын аймагында +26…+31 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +36…+38 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0