Корея Республикасынын премьер-министри эртең Кыргызстанга келет

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүТүштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён. Архив
Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кореянын 50дөн ашуун компаниясынын катышуусунда кыргыз-корей бизнес-форуму өтөт.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстанга Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён 2019-жылдын 17-июлунан 19-июлуна чейин расмий сапары менен келет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Корея Республикасынын премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган, анын ичинде "Кореянын 50дөн ашуун компаниясынын катышуусунда кыргыз-корей бизнес-форумун, "В2В" түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки жактуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалган", — деп айтылат маалыматта.

Портфельчен аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кореялык аткаминер Өзбекстанда министрдин орун басары болду
Тараптар соода, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну талкуулашат.

Маалыматта Кореянын премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алары айтылган.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0