Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. 16-июлда өлкө аймагы боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Маалым болгондой, абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +33…+38 градуска чейин ысыйт.

Ысык-Көлдө +24…+29, Нарында +25…+30 жана Таласта күндүн табы +30…+35 грудуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы борбор калаада +35…+37 жана Ош шаарында +36…+38 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0