Мээ кайнаткан ысык дагы болобу? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Маалыматка караганда, апта ичинде жаан-чачын аз болот.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстанда келе жаткан аптада күн ысык болгону менен жаан-чачын себелей турганын Кыргызгидромет агенттиги жумалык божомолунда билдирди.

14-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

15-июлда Ысык-Көл, Нарын дубандарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Мээ кайнаткан ысыкта Бишкектин тургундары кантти? 10 сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Мээ кайнаткан ысыкта Бишкектин тургундары кантти? 10 сүрөт
Ал эми 16-17-июлда өлкө боюнча күн ачык болорун айтышты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетери кабарланды.

18-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Калган аймактарда жамгыр жаабайт.

19-июлда күн ачык болот. 20-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, абанын күндүзгү температурасы бир аз төмөндөйт.

Бишкек жана Ош шаарларында 14-16-июль күндөрү күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Эс алуучулардын уюгу болуп турган Чолпон-Ата шаарында 14-15-июль күндөрү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 16-июлда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0