Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
13-15-июль күндөрү абанын температурасынын жогорулашына, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Жекшемби, 14-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +31…+36 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда +32…+37, Ысык-Көл жана Нарын аймагында +23…+28 градус болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы +35…+37 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0