Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПанфилов паркындагы аттракцион. Архив
Панфилов паркындагы аттракцион. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча күн ачык болот.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 12-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүйдө +33…+38, Талас облусунда +32…+37 градус болору айтылды.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде термометр +33…+38 градусту көрсөтөт.

Ысык-Көл жана Нарын аймагында +25…+30 градус болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +35...+37, Бишкекте +36...+38 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0