Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери

© Sputnik / Жоомарт УраимовРабота за компьютером
Работа за компьютером - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган ишканалар мамлекеттик мекемелердин санариптешүүсүнө көмөк көрсөтөт.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдында "Укук" жана "Соцсервис" мамлекеттик ишканалары түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Компьютерде иштеп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт IT-адистигин тандаган абитуриенттерге гранттык орундарды көбөйттү
Билдирмеге ылайык, аталган ишканалар мамлекеттик мекемелердин санариптешүүсүнө көмөк көрсөтөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

"Укук" мамлекеттик ишканасы — сот, прокуратура, укук коргоо органдары, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш, миграция, коргоо, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу, чек ара, радиациялык жана өрт коопсуздугу тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгат. Ошондой эле алардын үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлдөп, техникалык жактан камсыз кылат.

"Соцсервис" мамлекеттик ишканасы болсо саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият, спорт, социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик жөлөкпул, жеңилдиктер жана пенсия тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыкмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0