Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүБулуттар. Архив
Булуттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-июлда өрөөндөрдө күн ачык болот.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 7-июль, жекшембиде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30...+35, Таласта +29...+34, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында +22...+27 градус, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +31... +36 градуска чейин көтөрүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто +33...+35 градус ысык болсо, борбор калаада күндүн табы +32...+34 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0