Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
6-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. 6-июлда күндүз жана 7-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткенде +30... +35, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +22... +27 градус ысык болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ошто +32...+34, борбор калаада +31...+33 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0