Жума күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир өрөөндөрдө 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. 5-июлда Нарын облусунун айрым жерлеринде жана Ош, Баткен облусунун тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир өрөөндөрдө 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Билдирүүгө ылайык абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +27…+32 градуска көтөрүлөт.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +30…+35 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө күндүн табы +24…+29 градуска, Нарында +22…+27 грудуска жетет.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы борбор калаада +31…+33, Ошто +32…+34 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0