Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшембиде түнкүсүн жаан жаабайт.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. 2-июлда күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Таласта +31…+36, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +32…+37 градуска жетет.

Ысык-Көл жана Нарын аймагында +25…+30 градус ысык болот.

Ал эми Ошто күндүн табы +33…+35, Бишкекте +35…+37 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0