Бейшембиге карата аба ырайы

© Фото / PexelsДождь в КР
Дождь в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 26-июн.— Sputnik. 27-июнда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Калган аймакта күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +31…+36, Таласта +30…+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +31…+36 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө +23…+28, Нарын аймагында +24…+29 градуска жетери айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +32…+34, Бишкек шаарында +34…+36 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0