ЖКда "Кыргызстандын мурдагы жараны" деген статус берүү сунушталууда. Артыкчылыктары

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация на КПП "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баяндамачы депутат Махабат Мавлянова экономиканын туруктуу өсүшү үчүн ушул мыйзам долбоорун иштеп чыгышканын билдирди.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары "Кыргызстандын мурдагы жараны" деген статус берүүнү сунуштап жатышат. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында атайын мыйзам долбоору сунушталды.

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: энергокомпаниялар жаңы электр линияларын өз эсебинен тартышы керек
Депутаттар "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамдарга, Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө") өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууга киргизип жатышат.

Мыйзамдын демилгечилери: Махабат Мавлянова, Азизбек Турсунбаев, Таабалды Тиллаев, Төрөбай Зулпукаров, Айбек Алтынбеков, Улугбек Ормонов.

Баяндама жасаган депутат Махабат Мавлянова мыйзам долбоорунун негизги максаты жарандарды колдоо экенин айтты.

"Миграциядан улам биздин айрым жарандар башка мамлекеттин атуулдугун алышкан. Аларды бизде чет элдик жаран катары кабыл алабыз. Мыйзамдын негизинде ушундай каралган. 1991-жылдан кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган мекендештерге "Кыргызстандын мурдагы жараны" деген статус берүү каралып жатат. Аны алгандар бир нече жеңилдиктерге, артыкчылыктарга, укуктарга ээ болот", — деди Мавлянова.

Депутат бул статусту бере турчу мамлекеттик орган куруу да каралганын билдирди.

Статус алган жарандарга кандай жеңилдиктер берилиши мүмкүн:

— Кыргызстанга визасыз кирип чыгат, жумушка орношууда уруксат талап кылынбайт, Кыргызстанда жашоого жана иштөөгө укук алышат;

— Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандар 5 күндө каттоого турушу керек, статусу барлар мындайдан бошотулат;

Жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбек бийлиги кыйын турмушта калган мигранттарын өлкөгө кайтарууда
— Кыргызстандагы бардык билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында КР жарандарындай тейлөө ала алат.

Депутат Мирлан Жээнчороев Кыргызстанда көптөгөн чет элдиктер билим ала турганын, бул мыйзамдын арты менен жасалма никеге туруу да көбөйүшү ыктымалдыгын айтып, ушул өңдүү кооптуулук жарата турчу жагдайларды кийинки окууларда толуктап, көңүл буруу керектигине токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0