Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. 26-июнда өлкө аймагы боюнча күн ачык болуп, тоолуу өрөөндөрдө гана өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +31…+36 градус ысык болот.

Ысык-Көл менен Нарында +22…+27 жана Талас жергесинде күндүн табы +30…+35 градуска көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +33…+35 градусту түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0