Кыргызстанда күн катуу ысыйбы? 1-июлга чейинки аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада турган адамдар. Архив
Аялдамада турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк аймактарда күндүн температурасы +36 градуска чейин көтөрүлөт.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет 1-июлга чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.

25-27-июнда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтөт.

28-29-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-июнда жана 1-июлда дагы жамгыр жаабайт. Күндүн температурасы бир аз көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0