Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Бейшембиде жайыттарда жааган жаан карга айланышы мүмкүн.

БИШКЕК, 12-июн.— Sputnik. 13-июнда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +25…+30 градус ысык болот. Ысык-Көл жана Нарын аймагында +17…+22 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы Ошто +26…+28, Бишкек шаарында +25…+27 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0